ВИДЕО: Ысык-Көлдүн жол коопсуздугунун кызматы суук аба ырайынын улам күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аба-ырайынын каталдашынан улам, Ысык — Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кошумча күчтөрү кызматка чыгарылды. Алар жол кыймылын көзөмөлдөшөт, кырдаал начарлаган учурда жол кыймылынын катышуучуларына жардам көрсөтүшөт, ошондой эле кар тазалоочу техниканын үзгүлтүксүз иштешин камсыздашат, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын 60 кызматкеринен турган 30 экипаж республикалык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорго чыгарылды. Облустун бардык шаарларында жана райондук борборлорунда жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Жолдорду тазалоо үчүн жол ишканаларынын 36 атайын техникалары кызматка чыгарылды.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери аба ырайынын каталдашына байланыштуу айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өтө этият болууга чакырат. Метеорологиялык шарттар жол кырсыктарынын санынын өсүшүнө таасирин тийгизип, калктуу конуштардын жана шаар четиндеги трассалардын автожолдорунда кыймылдын татаалдашына алып келиши мүмкүн.

Милиция кызматкерлери тайгак жана кар баскан жолдо унаанын токтоо аралыктары эселеп көбөйүшү мүмкүн экенин жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өткөөлдөрдөн өткөндө ылдамдыкты алдын ала азайтуу керектигин эскертет. Жөө жүргүнчүлөргө жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү өз кийимдерин чагылдыруучу элементтер менен жабдууну жана унаалардын толук токтошуна ынангандан кийин гана жолду кесип өтүүнү сунуштайт.

Айдоочуларга ылдамдык режимин сактоо сунушталат. Унааларын башка жол кыймылынын катышуучуларына же кар тазалоочу техниканын ишине тоскоол боло турган жерлерде калтырбоону эскертишет.



