Маданият

Чаткал районунун 90 жылдыгына арналган Республикалык айтыш өткөрүлдү

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулган Чаткал районунун 90 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жана жаш манасчылардын кароо-сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгын, биримдигин жана өнүгүшүн даңазалаган, элдин келечеги үчүн эмгек кылган инсандардын өрнөктүү өмүр жолун коомчулукка таанытуу, ошондой эле улуттук маданияттын өзөгү болгон төкмөлүк жана манасчылык өнөрдү жайылтуу, өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чарага өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген жаш манасчылар жана төкмө акындар катышып, өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Таймаш чыгармачылык атаандаштык менен коштолуп, катышуучулар өздөрүнүн өнөр чеберчилигин көрсөтүштү.

Калыстар тобунун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Төкмө акындардын республикалык айтышы боюнча:

• Баш байге — Элмирбек Иманалиев

• I орун — Турат Жумаев

• II орун — Темирбек Матыбаев

• III орун — Асылбек Маратов

Жаш манасчылардын кароо-сынагы боюнча:

• I орун — Төлөбек Муса уулу

• II орун — Нурбек Калыбек уулу

• III орун — Күлчоро Жумалиев.

Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, төкмөлүк жана манасчылык өнөрдү даңазалоого, жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытууга жана маданий мурастарды кийинки муундарга жеткирүүгө өзгөчө салым кошту.

Тектеш кабарлар

Back to top button