Коом

Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы ачылды

Бүгүн Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы расмий түрдө колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын курулушу президенттин фондунун эсебинен жүргүзүлдү. Анын ичинен:

Талас шаарында — 6;

Манас районунда — 8;

Айтматов районунда — 7;

Бакай-Ата районунда — 3;

Талас районунда — 5 футбол аянтчасы курулду.

Футбол аянтчалары жергиликтүү бийликке катталып, жалпы журтка кызмат кылат.

Долбоордун негизги максаты — жаш муундун ден соолугуна кам көрүп, алардын дене тарбияга болгон кызыгуусун күчөтүү жана машыгууга ыңгайлуу, заман талабына жооп берген мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button