Пайдалуу кеңештер

Дерматологдор сырткы келбетке терс таасир тийгизген түнкү адаттарды аташты

Дерматологдор Эгейн Чан жана Шейла Фарханг сырткы келбетке терс таасир эткен түнкү адаттар тууралуу айтып беришти.

Чандын айтымында, уктаар алдында туздуу тамактарды көп колдонуу эртең менен шишиктин пайда болушуна дээрлик кепилдик берет. Себеби туз организмде суюктуктун кармалышына алып келет. Ошондой эле уйкунун жетишсиздиги көз алдындагы кара тактардын пайда болушун шарттайт. Ал эми бетти тазалабай жана нымдандырбай уктоо теринин кургап, түлөшүнө жана безеткилердин чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Фарханг эртең менен шишиксиз ойгонуу үчүн кечки убакта туздан гана эмес, алкоголдук ичимдиктерден да баш тартууну сунуштайт. Анын айтымында, алкоголь да организмде туздун кармалышына өбөлгө түзүп, шишикти күчөтөт.

Мындан тышкары, абасы кургак бөлмөдө уктоо териге зыян. Дерматолог мындай шартта теринин коргоочу катмары алсырап, безеткилердин чыгышына же тери ооруларынын күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондой эле дарыгер эртең менен беттин өзгөрүп көрүнүшү аллергиядан же түнкүсүн туура дем албоодон улам болушу мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, мындай көйгөйлөр адистин кароосун жана дарылоону талап кылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button