Коом

Айрым жетекчилер аялыма унаа, балама батир алып берейин деп жатасыңар, — Ташиев аким менен мэрлерге кайрылды

Мамлекеттик кызматты ээлеген жетекчилер боюнча кичине эле шек жаралса, чара көрөбүз, деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Ал Министрлер кабинетинин жыйынында Мамлекеттик кызматтагы жетекчилерге кайрылып, президент Садыр Жапаров ушундай буйрук бергенин белгиледи. «Бирөөнүн тууганы, жердеши же кесиптеши деген болбойт. Ким мыйзам бузса, айрыкча, коррупция боюнча, дароо чара көрүлөт. Моралдык жактан жоопкерчиликтүү болушуңар керек. Жетекчи болдуңарбы, жетекчи болгула, коррупционер болбогула. Бири-бириңердин айыбынарды жаап-жашырып, кылмышка шериктеш болгонду токтотуш керек. Арабыздан кимдир-бирөө кылмыш жасап жатканын сезип жатсаңар, сөзсүз маалымат беришиңер керек. Бул силердин милдетиңер.

Биз баарыбыз өзүбүздү тазабыз деп эсептейбиз. Бирок эмне иш кылып жатканыңарды билесиңер. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, министрлер- — менин кесиптештерим, ким мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегиси келбесе, тигине эшик. Кеткиле, бизнес кылгыла. Бай жашагыла, кубангыла. Маселе жок, эч ким тоскоол болбойт. Мамлекеттик кызматты ээлеген чиновник бай жашабашы керек, муну эске алгыла. Принцип ушундай. Мурда акча берип, мамлекеттик кызматка келгендер көп болгон. Аким, губернатор, министр кызматтарынын ставкалары бар эле. Аким, мэр болуп келип, аялыма унаа алып берейин, балама Бишкектен батир алып берейин деп жатасыңар. Маалыматтар бар. Үй керек болсо, өкмөт башчыга кайрылгыла. Азыр ипотекага үйлөр курулуп жатат, 20-25 жылга 0,2- 0,4 пайыз менен үй алгыла», — деди Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button