Генерал Ташиевдин «жаралуусу”
Кыргыз-өзбек маселесинин оң жагына чечилиши Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин жана чет элдик саясат таануучулардын айтымында, Садыр Жапаровдун саясий эркинин күчтүүлүгүнүн натыйжасы болду. Бирок бул жеңиштин президенттен башка дагы бир автору бар ал – генерал Камчыбек Ташиев.
Кемпир-Абад иши» кантип башталып, кандайча өнүккөндүгүн эске салалы. Өзбек тарап менен негизги сүйлөшүүчү жана кыргыз элине абалды тактоочу ким болгон? Кыйыр айтканда, истерика жараткан “оппозициянын” ыргыткан таштарынын баары кимге учуп кетти. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу УКМКнын башында Жапаровго окшоп дал ушул коопсуздукту — өлкөнүн ичинде да, сыртында да камсыз кылууга эрки жана мүмкүнчүлүгү бар адам отурат.
Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турганда генерал болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин генералы аскердик наам эмес. Анан ал биринчи жолу генералдык форма менен чыкканда, Кыргызстандын башкы коопсуздук кызматкери катары аны баары эле олуттуу кабыл алган эмес. Ал эми генерал Ташиев өзүнүн погондору туура экенин кыска убакыттын ичинде далилдей алды.
Жалпысынан так, конкреттүү жана түз түрдө укук коргоо органдарында тартипти орното баштады. Ал генерал катары коррупциянын бардык көрүнүштөрү менен аёосуз күрөшүүдө. Ошол эле учурда, генерал катары ал абдан ыңгайсыз суроолорго тайманбастык менен жооп берет жана эң маанилүү чечимдер үчүн жоопкерчиликти алууга даяр.
Генерал Ташиевдин аркасы менен Өзбекстан эле эмес, Тажикстан менен да чек ара маселесин чечүүдө жылыштар болду. «Эгерде биз мурда макулдаша албасак, — дейт Камчыбек Кыдыршаевич, — азыр орток тил таап, чечүүнүн жолдорун бири-бирибизге көрсөтүп, эпке келтире баштадык, протоколго кол койдук, эми мамлекеттик макулдашууларды жүргүзөбүз, өлкөлөрдүн ортосунда маселелер чечилет».
Мурдагылар, кыязы, бул көйгөйгө өзгөчө деле кабатыр болгон эмес. Алар ошондой эле көптөгөн башка көйгөйлөр сыяктуу эле карашкан. УКМКнын төрагалары улам алмашып турганынан эмнени билчүбүз? Ал эми Камчыбек Ташиев бардык маселелерде элдин дайыма көз алдында. Аскердик генерал кайда болуш керек, ал жөн эле көзгө көрүнгөн жерде эмес, эң татаал жана ызы-чуу аймактарда жүрөт.
Бирок генерал Ташиев Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен “жаралган жок”. Бул алда канча мурда эл алдында болгон, аны эстеп жүргөндөр аз.
Дал ушул Ташиев 2010-жылдын жай айларында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалды жөнгө салууда чечүүчү роль ойногон. Бул тууралуу Ташиев өзү минтип айтат: “14-июнда 20 миңдей кыргыз Сузактын айылына кирип, өзбектер менен согушуп калбасын деп, алардын ортосунда туруп, жанымды берүүгө даяр элем…”
Дал ошол 2011-жылы адилетсиз өткөн президенттик шайлоодон кийин митинг өткөрүүдөн баш тартканына комментарий берип жатып: “Мен үчүн президенттик кызматтан да, Кыргызстандагы стабилдүүлүк жана тартип кымбат” деп айткан. Эми ал жөнүндө эч ким бийлик кумарына берилип кетти деп айта албайт. Ал үчүн мыйзам, туруктуулук, тартип дагы биринчи орунда.
Булак: VB.kg маалымат агенттиги



