Коом

Мурат Боронов ИИМдин 7 багыттагы тапшырмасын аткаруу боюнча жетекчилик курамга жыйын өткөрдү

Бүгүн, 13-февраль күнү Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жетекчилик курамына жыйын өткөрүп, анда ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу боюнча аныкталган 7 приоритеттүү багыттарын жана 2022-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча ички иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен кабыл алынган чечимдерин жеткирди.
Мурат Боронов жыйында ички иштер министри Улан Ниязбеков жалпы элдин коопсуздугун жана өлкөнүн ички коомдук тартибин мындан ары чыңдоо максатында 7 приоритеттүү багыт боюнча милиция кызматкерлери натыйжалуу иш-чараларды алып барууларын тапшырганын билдирди. “ИИМ башчысы тарабынан аныкталган ар бир багытты милиция кызматкерлери өз ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алып, кынтыксыз аткаруулары тийиш. Андан сырткары, ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы менен кабыл алынган чечимдерди дагы аткарып, элибиздин бейпил жана коопсуз жашоосун камсыздоону улантышыбыз керек. Бул биздин башкы максатыбыз”,-деди Мурат Боронов.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан аныкталган 7 приоритеттүү багыт боюнча белгилеп кетсек, анда элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүү, кылмыштын бетин ыкчам ачуу, кылмышты алдын алуу үчүн санарип ыкмаларды колдонуу, жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алууга арналган – “Таза тергөө” программасын ишке киргизүү, жардам сурап кайрылган жарандарга жана милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү, милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматттык тартипти сактоолору боюнча чараларды көрүү, кызматтык милдеттерге абийирдүүлүгү менен мамиле кылган кадрларды даярдоо, бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун, коопсуздук маселеси менен алектенген бирикмелердин катышуусунда жаштар арасында, анын ичинде өспүрүмдөр арасында туруктуу негизде түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп туруу боюнча так тапшырмалар коюлган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button