Коом

Түркияда каза болгон Кыргызстандык келиндин сөөгү жерге берилди. Ал жалгыз уулун 6 жылдан бери көрө элек болчу

Түркиядагы зилзаладан каза болгон Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы жана дин кызматкерлери катышкан. Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырылган.

Маалымат иретинде айта кетсек, маркум Түркия өлкөсүндө жашап эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Анын артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө элек болгонун айылдаштары айтты”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button