Коом

Ош шаарында таза суу берүү токтотулду. Себеби

Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу суу берүү токтотулду.

Таза суу берүү канчага чейин токтогону тууралуу маалымат берилген эмес.

Байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200 105.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button