Окуялар

Жалал-Абадда үйлөнүү тойдо күйөө баланын досу асманга ок чыгарганы үчүн кармалды

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан күйөө баланын досу милицияга алып келинди. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 19-февраль күнү, үлпөт тойдо кортеж менен бара жаткан BMW үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн белгисиз куралдан ок чыгарылган видео социалдык тармактарга тараган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы тургуну М.А. ошол эле күнү саат 14:00дөр чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, «Сайга МК-01″ куралынан асманга 10 ирет ок чыгаргандыгы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, окуяга юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button