Коом
Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев 15-июнда брифингде Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын айтты.
Ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабай, коомдук жайларда беткап тагынбай жүрүү оорунун жайылышына шарт түзөрүн дагы бир жолу эскертти.
“Республикабызда коронавирустук инфекциянын биринчи учуру 2020-жылы 18-мартта катталган. Жыл ичинде оорунун эки толкуну болду. Оорунун эң бийик чокусу былтыр июль айында катталып вирус бир күндө 1600 адамдан табылган. Экинчи толкуну 2020-жылдын октябрь, ноябрь айларында байкалып, күнүнө 606 адамга чейин жеткен”.



