Коом
Айгүл Жапарова аялзатынын бүгүнкү күндөгү ролу тууралуу оюн айтты

Ал Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Учурда канайым Москвада “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу форумунда жүрөт.
“Аялзатынын негизги орду — эне болуу, балдарды татыктуу тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу экенин жакшы билебиз. Айымдардын уникалдуулугу мына ушунда. Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, саясатчылардын, бизнесмендердин катарын толуктайт”, —деди биринчи айым.
@user22



