Коом

Кыргызстанда Өзбекстан менен биргелешкен унаа заводу курулат

Парламент “Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, мындай макулдашуу Шавкат Мирзиёев Бишкекке келгенде жетишилген.

Долбоор үч этап менен ишке ашырылат:

Кыргызстанда 500 жаңы жумуш ордун түзүп, 10 миңге чейин автоунаа өндүрүшүн SKD (ири түйүндүү чогултуу) методу менен уюштуруу;

1000 жаңы жумуш ордун түзүү менен 4-5 жылга 20 миңге чейин автоунаа чыгаруу жана автокомпоненттерди өндүрүү;

SKD өндүрүшүнөн кийин алтынчы жылы СKD (майда түйүндүү чогултуу) өндүрүшүн уюштуруу, бардыгы 30 миң автокөлүк.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button