УКМК: Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүндө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды

КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 06-03 аймактар аралык бөлүмүнүн (Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү) кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталган.
Кара-Кулжа районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Ж. калкты каттоо тармагында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жарандардан системалуу түрдө мыйзамсыз акча каражатын талап кылганы аныкталды.
Чогулган материалдардын негизинде, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармылыгынын тергөө бөлүмү тарабынан жогоруда аталган кызмат адамына КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштын белгилеринин негизинде айып тагылды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.



