Коом

УКМК: «Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

КР УКМК тарабынан  диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын  алкагында «ХизбутТахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрү: Ж.Р.К., Ж.К.Ж, Ч.Н.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Ошондой эле, К.у.А. жана Т.А.Ч. аттуу жарандар аталган уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартуу ниетин билдирген.

Атап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (адамдардын тобу тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) алкагында жүргүзүлгөн кылмыш ишинин натыйжасында аталган адамдар тарабынан «телеграмм» мессенджеринде экстремисттик идеяларды жана материалдарды таратуу фактысы аныкталган.

Ошол эле учурда тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында «ХизбутТахрир» ДЭУнун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 1 ноутбук жана диний адабияттар алынды.

Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button