Коом
Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү ыктымал, арыктарды таза кармагыла

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 18-19-июнда сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
«17-июнда күндүн экинчи жарымында, 18-19-июнда өзгөрүлмөлүү аба ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн», — деп айтылган маалыматта.
ӨКМден нөшөрдөн улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтып, сел каптап кетпеш үчүн арыктарды таза кармоону элге эскертишти.



