Нуртай Бекбоев: “Пенсиялар кыскартылат экен” деп наалыгандар маалыматты туура түшүнсө…
Учурда мамлекеттик кызматта иштегендердин пенсиясы кыскарат деген сөз коомчулукта бир беткей тарап, талкуу жаратып турган кез.
“Акылбек Жапаров биздин пенсияларды кыскартып атат, наалат”-деген кептер мугалимдердин арасында айтыла баштады.
Бирок, бул тууралуу коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатса да, туура эмес маалыматтарды таратып, элдин башын башка нукка буруу аракеттерин жүргүзгөн айрым бир топтордун бузуку иштери көрүнүп турат.
Бул жерде ардагерлердин пенсиясын тартып алган жери жок. Болгону пенсияга чыгып, бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүн токтото турууну демилгелеген. Анткени пенсия базалык анан камсыздандыруу болуп 2 бөлүктөн турат. Базалык бөлүк мамлекет тараптан берилип, анын өлчөмү 3170 сомду түзөт. (Эмгек стажысына жараша) Ал эми камсыздандыруу бөлүгү жарандын Соцфондко төлөгөн төлөмүнө жараша болот.
“Ошондо, пенсияга чыгып, бирок ишин улантып жаткан адам бир эле кезде бир каржы булагынан (мамлекеттик казынадан) пенсиянын базалык бөлүгүн да, айлык да алып жатат. Ошол себептен бул сунуш демилгеленген эле. Ошондой эле, бул сунуштун мугалимдерге, дарыгерлерге, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине кирбеген кызматкерлерге тиешеси жок”-деп айтылат маалыматта. Бирок, айрым мамлекеттин саясатын түшүнсө да түшүнгүсү келбегендер аны тескери жакка буруп жатканы өкүнүчтүү.
Мындан мурунку бийлик учурунда жарыбаган пенсия, жарыбаган айлык алып деле унчугушчу эмес эле. Азыр баары айлык да, пенсия да жогорулатылса да ар кандай туура эмес маалыматтарды билип билбей, айрымдары түшүнбөй эле наалып жатканы өкүнүчтүү.
Албетте, азыр мурдагыдай коррупциялык жол менен пайда тапкандардын тамыры улам кыркылып жатат. Салыкты жашырып же андан качкандардын иши ашкереленип жатат.
Ошондой болсо да айрымдары кылдан кыйкым издеп, бийликке келүү, элдин оюн тетири буруу аракеттери жүрүүдө тилекке каршы.
Эң кызыгы пенсия тууралуу бул мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынган жок, өтпөй калды. Аны угуп туруп эле козутуп аткандардын артында такыр башка мандем бар экени айтпаса да түшүнүктүү.
Нуртай Бекбоев, ардагер



