Дүйнө
Конгодо Эболага чалдыккандардын саны 1 155ке жетти

Конго Демократиялык Республикасында Эбола ысытмасы тастыкталган учурлардын саны 1 155ке жетти. Алардын ичинен 304 бейтап каза болгонун өлкө бийлиги Х социалдык тармагында билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, учурда 326 адам дарыланууда. Эбола вирусу Итури, Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларында жайылууда. Куралдуу кагылышуулар уланып жаткан Итури провинциясы илдеттин негизги очогу бойдон калууда.
Бийлик Эбола вирусунун жайылышы тууралуу 15-майда расмий билдирген. Бирок ага чейин оору бир нече жума бою байкалбай келген.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) аналитиктеринин баамында, Конгодогу бул эпидемия өлкө тарыхындагы эң ири Эбола эпидемиясы болуп калышы мүмкүн.



