Окуялар

УКМК: 4 миллион 350 миң сомдук контрабандалык дарылар аныкталды

2023-жылдын 9-апрелинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун Алга айылынын “Ош-Разаков” унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын 1991-жылы туулган тургуну, КР М.А.З. аттуу жаранын башкаруусундагы мамлекеттик номуру 03KG 136ADL болгон “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаа эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана ампула дары-дармектер менен кармалды.

Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн суммасы 4 миллион 350 миң сомду түзөт.

Кармалган унаа бажы терминалынын аймагына коюлуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул аткезчиликке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button