КоомОкуялар

УКМК:«Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын 4 жетекчиси кармалды — ВИДЕО

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн терроризмге каршы иш-чаранын жүрүшүндө, 2023-жылдын 12-апрелинде Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюм түзүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун жашыруун ячейкасынын 4 жетекчиси кармалды.  

Такталгандай, кармалгандар конспирациялык негизде экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, ДЭУнун мүчөлөрүнүн «чогулуштарын» ай сайын аталган иштерди уюштуруп келишкен.

Аталган адамдардын жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук приборлор табылып алынган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button