Коом

УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

УКМКнын басма сөз борбору Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын маалымдайт.

Жашыруун жерден: граната Ф-1–1даана; эски үлгүдөгү болжолдуу «Браунинг 1900» маркасындагы тапанча; МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча; төмөнкү калибрдеги патрондор: 7,62 мм – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9.18 – 17 даана; ошондой эле 1 даана Калашников жеңил автоматынын магазини  табылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн КР ЮМга караштуу Соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлдү.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды издөөнү улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button