Экс — депутат Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов өлкөдөн чыкпоо тууралуу кол кат менен үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты анын жакындары тастыктады.
Ал 2025-жылдын күзүндө массалык башаламандык уюштурган деген шек менен кармалган.
Буга чейин парламенттин дагы бир мурдагы депутаты — Кубанычбек Кадыров да камактан чыккандыгы маалымдалган.
Эске салсак, 2025-жылдын 22-ноябрында массалык кармоолор болгон. ИИМ шайлоодон кийин Жогорку Кеңешке карата массалык башаламандык уюштурууну даярдаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгү токтотулганын билдирген.
Кармалгандардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу бар. Жалпысынан укук коргоо органдары 10 адам кармалганын кабарлаган.
Кармалгандарга КР Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси («Кылмышка даярдык көрүү»), 41-беренеси («Шериктештердин түрлөрү»), 278-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») жана 326-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу») боюнча айып тагылууда.



