Коом
Бишкектин дагы бир мектебинде митинг. Бул жолу көчөгө окуучулар эмес, мугалимдер чыкты

Былтыр ноябрда пайдаланууга берилген Ак-Ордо конушундагы №102 мектептин мугалимдери жаңы келген директорду кабыл албай жатат.
Алар мурдагы директор «мектеп кара топурак болуп тургандан бери иштеп, 5 жылга стратегиялык планын түзүп даярдап койгонун, андыктан иштеши керек» деген оюн айтууда.
Ошол эле учурда сабактар үзгүлтүккө учурабаганы, сыртта экинчи сменадагы мугалимдер турганын белгиледи.




