Коом

Октябрь Урмамбетов Чек ара ведомстволоруна МЧКБ стратегиясын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча техникалык миссиянын өкүлдөрү менен жолугушту

Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Кыргыз Республикасынын МЧКБ стратегиясын иштеп чыгууда чек ара ведомстволоруна көмөк көрсөтүү боюнча техникалык миссиянын өкүлдөрү менен жолугушту.


Делегациянын курамы — БОМКА 10 долбоорунун жетекчисинин орун басары Владимир Загузовс, Борбордук Азиядагы БОМКА-10 Программасынын аймактык жетекчиси Марис Доминш, Ригадагы техникалык университетинин Эл аралык бизнес жана бажы институтунун профессору Нормундс Рудзитис, эксперт Азамат Сабырбеков, КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти Мирзамир Сыдыков, КР БОМКА – 10 программасынын улуттук координатору Рахатбек Боогачиев ИИМдин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышты.


Октябрь Урмамбетов белгилегендей, иш-чараларды биргелешип иштеп чыгуу — улуттук, аймактык жана эл аралык мейкиндиктердеги кырдаал жөнүндө дайыма кабардар болуу, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз өркүндөтүү трансулуттук кылмыштуулуктун белгилерин эрте аныктоого гана эмес, анын терс кесепеттерине, өзгөчө чек арага жакын аймактарда жол бербөөгө өбөлгө түзөт.
Өз кезегинде БОМКА 10 долбоорунун жетекчисинин орун басары Владимир Загузовс биргелешкен программаларды ишке ашыруунун алкагында ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө БОМКА 10 тарабынан каржыланган аймактагы эң алдыңкы жана ири программа болуп саналат.
БОМКА-10 чек араларды комплекстүү башкаруу менен туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү аркылуу аймактын коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Учурдагы этап ошондой эле чек ара кызматташтыгын колдоп, Борбордук Азиянын чек ара аймактарында жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button