Коом

Сот “Азаттыкты” жабуу тууралуу Маданият министрлигинин арызын канааттандырды

Министрлик Бишкектин Ленин райондук сотуна «Азаттык» маалымат булагынын үстүнөн 23-январда кайрылган. 

2022-жылдын октябрь айынын аягында Маданият министрлиги «Азаттык» медиасынын ишин 2 айга токтоткон. Ведомство 24-октябрда “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, видеону тез арада (24 сааттын ичинде) өчүрүү боюнча “Азаттыкка” кат жолдогон.

Буга жооп катары “Азаттык Медиа” алардын платформасынан материалдарды алып салуу боюнча тиешелүү чаралар жана техникалык иштер жүрүп жатканын кабарлаган. Бирок видеону өчүргөн эмес.

«Азаттык Медиа» мекемесинин адвокаттарынын бири Темир Султанов Ленин райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арыз берилерин билдирди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button