Саясат

Владимир Путин 8-майда Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Россиянын президенти Владимир Путин 8-май күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

«Келерки жуманын башталышына даярдык көрүп жатабыз. 8-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен келе турганын айтканбыз. Россия-кыргыз сүйлөшүүлөрү жүрөт. Андан соң, 9-майда, парад болот», — деди Песков журналисттерге.

Буга чейин Садыр Жапаров Жеңиш парадында ардактуу конок болору айтылып, эмне маселелер талкууланары кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button