Коом

Ошто жасалма документтерди колдонуп ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды

2024-жылдын 1-апрелинде Ош ШИИБне А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 2024-жылдын январь айында “Э.” аттуу жактоочу Ош шаарындагы окуу борборуна лицензия алып беремин деп, жалпы 222 800 сом акчасын алып белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Мындан сырткары, 2024-жылдын февраль айында “Э.” ошол эле убакытта арыздануучунун жашы жете элек балдарына атасынын уруксааты жок өлкөнүн аймагынан чыгарууга соттун чечимин алып беремин деп, 4800 сом акча алып соттун жасалма чечимин берип алдап кеткендигин билдирген.

Тергөө иш — чараларынын жүрүшүндө “Э.” аталган акча каражаттарын алгандан кийин, тийиштүү лицензияны алуу боюнча жана сот органдарына кайрылуу боюнча эч кандай иш алып барбай, акчаларды ээлеп алуу максатын көздөп, арыздануучуга КР Билим берүү жана илим министрлигинин жасалма буйругун, лицензиясын жана Ош шаардык сотунун жасалма чечимин жиберип, акчаны өзүнө ээлеп алгандыны аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен КР Башкы Прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Анадан сырткары Л.И. аттуу жаран КР ИИМне арыз менен кайрылып, арызында 2024-жылдын 20-июлунда Ош шаарынын аймагындагы «Э.» аттуу жактоочу А.Т. жана К.О. аттуу жарандар менен биргеликте УКМКнын Ош шаары жана Ош облусту боюнча башкармалыгы тарабынан ага карата козголгон кылмыш ишин бүтүрүп беребиз деп ишендирип, 16 000 АКШ доллар акчасын алып, бирок тергөөдөгү кылмыш ишин бүтүрбөстөн ар кандай шылтоолорду айтып алдап жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Э. экендиги аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү Ош ШИИБдин УКЖна киргизилген.

М.Э. жашаган женин тинтүү учурунда Ош шаарынын жана Ош облустук соттордордун 27 даана токтому, бир даана ноутбугу жана 2 даана такталбаган үлгүдөгү курал жана “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефону алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Азыркы учурда М.Э. аттуу жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарды да жасоого шектелүүдө. Тергөө амалдары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button