Киреше 38 эсеге өскөн. Өткөн жылы «Учкун» ААКнын кирешеси 4 миллиард сомдон ашты

Өткөн жылы «Учкун» ААКнын кирешеси 4 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан так коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик маанидеги документтерди жана продукцияларды улуттук деңгээлде өндүрүүнү уюштурууга багытталган масштабдуу системалуу иштер жүргүзүлдү.
«Мамлекет башчысынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин координациясы менен “Учкун” ААКсында өндүрүштүк жана финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр олуттуу өстү. Учурда автоунаалар үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилери, айдоочулук күбөлүктөр, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана мамлекеттик маанидеги башка басма продукциялар толугу менен ААКнын өндүрүштүк базасында даярдалууда», — деп айтылат маалыматта.
Финансылык көрсөткүчтөргө токтолсок:
2022-жылы «Учкун» ААКсынын кирешеси 105 миллион 605 миң сомду түзгөн;
2025-жылы бул көрсөткүч 4 миллиард 2 миллион 976 миң сомго жеткен.
«Учкун» ААКсынын кирешеси 38 эсеге өсүп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик продукцияны ийгиликтүү өндүрүп жаткан ишканалардын катарына кирди.



