Аркада жай тургундардын үйлөрү аткыланып жатканы кабарланды

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, 1-май, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды.
«Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат тараткан жок, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Ош-Баткен-Исфана автожолу өтөт. Бул жол эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 30-апрелдин кечинде ачылганы расмий жарыяланган



