Коом

УКМК: Бишкек шаарынын тургуну “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн КРнын аймагындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу жана профилактикалык иш-чаралардын алкагында, “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча иш алып барууда.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын натыйжасында Кыргыз Республикасынын 1985-жылы туулган, Бишкек шаарынын А.Н.М. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан баш тартты. Ал 2022-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтордун активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н.М. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирүү менен жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Учурда КР УКМК тарабынан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча иштер улантылууда, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button