Интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери диний экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга шектелген жаранды кармады.
Инстаграмм социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн М.А., деген колдонуучунун аккаунту аныкталган.
Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 22 жаштагы Өзгөн районунун тургуну М.А аныкталган.
Жогорудагы кылмышка шектүү жаран тергөө кызматынан изин жашырып Ыссык-Көл облусунуна качып кеткен. Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш чараларынын жыйынтыгында ал 2023-жылдын 7-июнунда Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлдү.
Учурда тергөө иштери уланууда.



