Бирок аны жеңил жазага — айып пулга алмаштыруу каралууда
Бул тууралуу Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова айтты.
«Кыргызстандыктардын Россиядан чыгарылганы боюнча арыздар көп түшөт. Кээ бир кыргызстандыктарга РФтин аймагында калышы үчүн көмөк көрсөтөбүз. Себеби үй-бөлөсү да ошол жакта отурукташкан. Буга байланыштуу мен мындай мыйзам бузуу үчүн административдик айып пул салууну сунуштадым. Документти Юстиция министрлиги карап жатат«, — деди Москалькова.



