Курман айтта эмне үчүн курмандык чалуу керек? Муфтияттын түшүндүрмөсү

Курман айт күнү эң негизги кылчу амалдардын бири — курмандык чалуу.
«Ислам дининде эки чоң майрам бар. Бири — Орозо айт, экинчиси — Курман айт. Бул күндөрү адамдар кудайга көбүрөөк жакын болгонго аракет кылыш керек. Орозо кармап, кайрымдуулук кылып өткөргөн оң. Ажылыкта болбогондор арапа күнүндө орозо кармаса артыкчылыгы көп болот. Арапа күнүндө кармалган орозо эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себепкер болору айтылат. Ал эми Курман айт күнү эң негизги кылчу амалдардын бири — курмандык чалуу. Адамдар бул күнү өзүнүн мүлкүнүн эсебинен мал соет. Колунда жокторго колунда барлар эт таратып, жакырларга майрам тартуулайт. Бул жерде кедейлер да ошол күнү эт чайнап, майрамдын даамын сезсин деген философиялык маани жатат. Курман айтка 40 күн же бир ай калганда базарга барып, кой, эчки же уй сатып алып даярдык көрүп башташ керек. Бир жылда бир жолу келчү бул күндө аткарылган амалдардын сообу абдан көп болот», — деди муфтийдин орун басары.



