Коом

УКМК: “Ошайылкурулуш” ААКнын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды  — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүрүп жаткан иштердин алкагында Ош облустук мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан 1,53 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталды.

2025-жылдын 30-апрелинде “Ошайылкурулуш” ААКнын төрагасы И.А.Т. тарабынан 1,53 га жер тилкесин акысыз өткөрүп берүү  келишимин негизинде Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button