Коом

Асель Асаналиева, журналист: Кыргызстан укуктук талаага кайтып келе элек, мындай учурда президенттин кетем дегени туура эмес!

Акыркы кездеги болуп өткөн баш аламандыктан улам айрым саясий күчтөрдүн кысымы менен Президент Сооронбай Жээнбеков кетээрин айткан эле. Учурда Президентти колдоо ирээтинде интернетте  ага карата жылуу пикирлер жазылууда. Журналист Асель Асаналиева  да Фейсбук баракчасына жеке пикирин калтырды. Текстти толугу менен беребиз:

Президент 6 миллион элдин башчысы, кыйкырган 5 миӊдин каалоосу менен кетем дебеӊиз!

Сооронбай Шарипович, бүгүн Кыргызстан дагы деле укуктук талаага кайтып келе элек. Ушундай маалда сиз кетем дегениӊиз такыр туура эмес, ордуӊузда калып, жок дегенде парламенттик шайлоону бей тарап өткөрүп бериӊиз деген өтүнүчүмдү билдирем. Менин бул өтүнүчүмө керт башым эмес, мени тааныгандар, үй-бүлө жана досторумдун өтүнүчүн жазып жатам. Алар, “Асел сен журналистсиӊ, президентке жазгыла, айткыла”-деген үчүн кайрылып жатам.

Сиз президенттик тактыны таштап кеткидей эмне жаман иш кылдыӊыз?

1.Досуӊуз экенине карабай, ууру-коррупционерлерди камаганыӊыз үчүнбү?

2.Улутка ыймандын жолун, тазалыктын жолун көрсөтүп, беш маал намазыӊызды окуп жүргөнүӊүз үчүнбү?

3.Бузуку күчтөр күч менен бийликти басып алып, талкалап, тоноп, кызмат бөлүшүп, уурулар түрмөдөн чыгып кеткен абалда, жалгыз керт башыӊызды ойлоп, бийлигиӊизди коргоп албай, бей тарап туруп, сабырдуулук менен абалга көз салып, чыныгы акмактардын жүзүн ачып бергениӊиз үчүнбү?

4.Кылмышкерлерди кайра түрмөгө кайтарып, тартипти жолго салганыӊыз үчүнбү?

Сооронбай Шарипович, эмне үчүн кетем деп жатасыз? Сиз кеткенге себеп жок, бир  жума ичинде болуп өткөн окуядан кийин сиздин калышыӊызды каалап турабыз. Кимдин ким экенин көрдүк, бийликке жулунбаган жалгыз сиз экенсиз. Эл кетти деп кетем деп айттырып жатыпсыз, кайсы эл кетти?

Аянтка чогулган 10 миӊ адамбы? Алардын жарымы коррупционер ууруларды түрмөдөн чыгаралы деген эл экен. Жарымы мародерчулук кылабыз деген эл экен. Дегеле элди ойлогон эч ким болгон жок, калганы кызмат үчүн жан берүүгө даярлардын тарапташтары экен. Сиз 10 миӊ кишинин айтканы менен макул болбоӊуз, сиз 6 миллион элдин башчысы болосуз. Ушундай оор кырдаалда кетпеӊиз, бул көпчүлүк элдин өтүнүчү, элдин сөзүн жерге таштабаӊыз. Кеткиӊиз келип жатабы, анда парламенттик шайлоодон кийин дагы жетишесиз!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button