Караколдо интимдик кызмат үчүн атайын жай уюштурган жаран кармалды

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде акчалай каражат үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштурга шектелип 30 жаштагы жаран кармалган. Батирди тинтүү учурунда мыйзамсыз аракеттерди көрсөткөн ар кандай буюмдар табылып алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаранга кылмышка шектүү катары айыбы угузулуп, сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.



