Коом
Бишкек — Кара-Балта жолунун асфальты кайра алмаштырылат

Апрелде жолго асфальт төшөлгөндөн кийин мамкурулуш текшерип, кемчиликтер аныкталган.
Эми Александровка айылынын тушундагы 217 метр жолду кайра жасоо тапшырылды. Подрядчы кытай компаниясы бир айдын ичинде жолго жаңы асфальт төшөшү керек.
Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталган. Жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Калктуу конуштардагы оңдолгон жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.



