Коом

Февраль айында биринчи класстын окуучулары кошумча каникулга чыгышат

Февраль айында биринчи класстын окуучулары кошумча каникулга чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдиришти.

Адистердин айтымында, ар бир мектеп окуучуларды эс алууга качан кое берүүнү өз алдынча чечет жана аны райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашат.

Борбор калаадагы билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, азырынча Бишкек боюнча так дата жок, буйрук чыга элек.

Эскерте кетсек, биринчи класстын окуучуларынын жашын эске алуу менен үчүнчү чейректе бир жумалык кошумча эс алуу берилет.

Бардык окуучулар үчүн жазгы каникул 21-31-мартка белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button