ИИМ: Чүйдө кылмыштуулукту алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын жыйыны болуп өттү — ФОТО

2023-жылдын 13-июлунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында бир катар министрликтердин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин жана диаспора лидерлеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Биргелешкен иш-чаралар планына ылайык, Ички иштер министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү улуттар аралык мамилелерди, жарандык биримдикти чыңдоо, коомдук тартипти камсыздоо, улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулады.
Жыйында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери сөз сүйлөп, катышуучуларга коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, улуттар аралык мамилелерге өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.




