Саясат

Садыр Жапаров: 7-8 жылда өзүбүздөн Месси, Роналдолор чыгат

7-8 жылда өзүбүздөн Месси, Роналдолор чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кара-Суудагы «Манас» футбол стадионун ачып жатып билдирди.

Ал футбол калыстарына кайрылып, бул спортко көптөгөн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, негизги максат — кыргыз футболун дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу.

«Жасалып жаткан иштердин, стадиондор менен залдарды куруунун максаты – кыргыз футболун өнүктүрүү. Ошондо 7-8 жыл ичинде жыйынтык болот. Азыр өсүп келе жаткан балдардан да Мессилер, Роналдолор чыгат. Алардан эмнебиз кем? Болгону машыгуу керек. Ал эми мамлекет шарт түзүп берет», — деди Жапаров.

Футбол стадиону заман талабына ылайык толук кайра курулган. Сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилип, оюн талаасына табигый көк майсаң төшөлүп, трибуналар жаңырды. Объектинин реконструкциясына 274,5 миллион сом жумшалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button