Коом
Паспортуңузду алып жаңыча жашай баштаңыз! Түрмөдө отурган 70 жаранга документ берилди

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга, ошондой эле шектүү же айыпкер катары камакта отурган жарандарга 70 ID-карт.берилди.
Бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин аркасында ишке ашырылды.
Алар муктаж болгон жарандарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун тапшырышты.
Бул иш мындан ары да жигердүү улантылат,- деп билдирди ЖАКтын Басма сөз кызматы.



