Коом
Бишкектин бир бөлүгүндө суу берүү убактылуу токтотулду

Борбор калаанын бир бөлүгүндө аварияга байланыштуу суу токтотулду.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу бүгүн, 7-ноябрда саат 08:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотуларын билдирет.
Суу токтотула турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
-Осмонкул көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин);
-Москва көчөсү;
-Ибраимов көчөсү;
-Фрунзе көчөсү.
Коммуналдык ишкана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана көрсөтүлгөн аймактардын жашоочулары менен уюмдарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.



