Коом

Кыргызстанга акча которуулар дээрлик 30% кыскарды

Алдын ала маалыматка караганда, 2023-жылдын 6 айында жеке жактардын таза акча которуулары 704,6 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын финансы статистикасы жана серептөө башкармалыгынын башчысы Медер Абдырахманов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акча которуулар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% кыскарган.

«2022-жылдан тарта акча которуулардын таза агымынын төмөндөө тенденциясы уланууда. Былтыркы жылдан бери бизде Түркияга которуулардын агымы өстү. Бул таза акча которуулардан тышкары, соода операциясы жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу. Ал эми Украинадан келген товарларды жеткирүү тизмегинин өзгөрүшүнө байланыштуу, азыр товарлардын бир бөлүгү Түркиядан жөнөтүлөт», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button