Коом

Ысык-Көл облустук коллегиясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жандандыруу боюнча сунуштар берилди

1-августа Кыргыз Республикасынеын Президентинин Ысык-Көл облусундгы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2023-жылдын II-жарым жылдыгына карата милдеттери боюнча болуп өткөн коллегиясында, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин системалаштыруу жана алардын ишмердүүлүгүндө жаңы эрежелерин киргизүү жөнүндө сунуштар айтылды.

Алардын маалыматы боюнча, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик – экологиялык милициясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 26 апрель 2022 жылдын № 131 «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө»  Жарлыгынын  талаптарын  аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексининде 114-беренеси (Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу) менен каралган аймактагы тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сакталбагандын 17 учурун июнь айынын аралыгында эле аныкташкан.  Аныкталган фактылардын 10 учуру эс алуу объекттерине, 7 учуру курорттук-рекреациялык зонанын башка объекттеринде орун алган.  

Ар бир аныкталган фактылар бонча текшерүүлөр жүргүзүлүп,  кылмыш ишин козгоодон баш  тартуу  чечимдери чыгарылгандан  соң, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 492-беренесинин негизинде  укук бузуучуларга карата чара көрүү үчүн комптентүү болуп саналган Ысык-Көл районунун мамлекеттик админстрациясынын Укук  бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясына жөнөтүлгөн.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетитин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 Токтому менен бекитилген “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө ушул Типтүү жобо талаптары сакталбай, ар бир жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарында тийиштүү комиссиялар түзүлбөгөндүтөн, бул маселе бүгүнкү күнгө чейин ачык калууда.

Ошондой эле, облустук коллегияда Ысык-Көл ОИИБ тарабынан жайкы туристтик мезгилде көлдүн үстүндө уюштурулуп жаткан аттракциондордун маселесине да өзгөчө маани берилди.

Алардын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ысык-Көл районунун аймагында эле 28 катердин жана 69 скутерлердин ээлери эс алуучуларга көлдүн үстүнөн оюн зоокторду уюштуруу менен аттракцион катары 6 парашут, 2 параплан, 4 «Диван» жана 6 «Банан» аталышындагы үйлөмө балондорду иштетип келишүүдө. Бирок, алар тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдагы 11 майындагы №249 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында чакан кемелерди жана базаларды (курулуштарды) пайдалануу эрежеси» менен каралган талаптар толук сакталбай, эс алуучулардын коопсуздугуна  коркунуч келтирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы N 466 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун тиркелген Эрежелеринин»  5-пунктуна ылайык, суу жээгинде жарандардын жалпы эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу жана бош убакыттарын өткөрүүгө шарт түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Бирок, бул боюнча иштер жеткиликтүү дээӊгелде жүрбөй жаткандыгы маалымат иретинде белгиленди.

Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жандандыруу боюнча бир катар сунуштар киргизилип, аны турмушка ашыруу боюнча милиция кызматы тарабынан толук колдоо көрсөтүүлөрү да айтылып кетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button