Спорт
Бишкектик спортчулар кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын колдоосу менен кикбоксчулар дүйнөлүк чемпионатка катышып, байгелүү орундарды алышты.
Мелдеш 2024-жылдын 23-августунан 1-сентябрына чейин Будапешт шаарында (Венгрия) кикбоксинг боюнча уландар жана өспүрүмдөр арасында өттү.
Дүйнө чемпиондугуна 72 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышты.
Ошентип, бишкектик Даниэль Дрожников 1-орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталса, 42 кг салмакта Исраилова Рабия кик-лайт секциясы боюнча 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, спортчулар машыктыруучулар Маралбек Давлеткулов менен Ибраимов Рустамдын жетекчилиги астында өнөрлөрүн көрсөтүштү.



