Коом

22-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-августка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун көпчүлук аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын облусунда +25…+30, ал эми Бишкек шаарында +33…+35, Ош шаарында +35…+37 жана Чолпон-Атада +23…+25 градуска көтөрүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button