Коом

ИИМде Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган чемпионат жыйынтыкталды

ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде башталган республикалык ок атуу жана кызматтык көп түрдүүлүк боюнча  уюштурулган чемпионат жыйынтыкталды. Чемпионатка катышкан 15 команда граната ыргытуу, “Калашников” жана “Макаров” куралдары менен ок атуу, ошондой эле биатлон спортунун түрлөрү боюнча күч сынашып, жыйынтыгында татыктуулар тандалды. Катышуучулардын көрсөткүчүн эсептөө менен байгелүү орундардын ээлери аныкталып,   ок атуу боюнча биринчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полку, экинчи орунду ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясы, ал эми үчүнчү орунду Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Андан сырткары ушундай эле сыйлыктар менен кызматтык көп түрдүүлүк боюнча командалык жеңүүчүлөр сыйланып, биринчи орунга Ош ОИИББдин, экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун, үчүнчү орунга ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын командалары жеңип сыйланышты. Ошондой эле, кызматтык көп түрдүүлүк боюнча жеке жетишкендиктери үчүн 31 жаштан жогорку жана 30 жашка чейинки курактагы айымдар, ошондой эле 41 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки эркектер арасында алдыңкы 3 сыйлыкка татыды. Андан сырткары, “Макаров” тапанчасынан, “Калашников” автоматынан жана майда калибрдүү мылтыктан ок атуу боюнча аялдар жана эркектер арасында жеке жетишкендиктери үчүн медалдар менен сыйланышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин “Динамо” спорт комплексинин ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Абдыгапар Урбаевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” наамы тапшырылды.  

Сыйлык тапшыруу салтанатына “Динамо” спорт комплексинин төргасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев, Кадрлар башкы башкармалыгынын дене тарбия бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Улан Абиров жана жер-жерлерден келген командалардын өкүлдөрү катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button