Министрлик «Ай Кью» мектеби боюнча үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин 84 бүтүрүүчүсүнүн жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыруусу боюнча маалымат берди.
Буга чейин Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылдын 2-августунда “Ай Кьюнун» бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими жөнүндө аттестаттар берилген.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору маалымдагандай, “экстернат” программасы боюнча окуган 84 баланын ичинен жалпы республикалык тесттен 35 окуучу гана босого балл 110дон жогору алган.
«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 5 тур өткөрүлдү: I тур – 17-июлдан 22-июлга чейин, II тур – 24-июлдан 29-июлга чейин, III тур – 31-июлдан 6-августка чейин, IV тур – 7-августтан 12-августка чейин, V тур – 14-августтан 19-августка чейин»,- дешти.
Эске салсак, Токмок шаарындагы жеке менчик «Ай Кью» билим берүү комплексинде 2022-2023-окуу жылында 84 бүтүрүүчү аттестат ала элек болчу. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 14-июлдагы маалымат жыйынында 2022-2023-окуу жылына жеке менчик мектеп экстернатга лицензиясы жок 84 окуучуну мыйзамсыз кабыл алганын билдирген. Ал эми алардын ата-энелери аттестат кеч берилгендиктен алардын окууга өтпөй калганын айтып, акыйкатчыга кайрылышкан.



