Коом

Токтогулдун Кара-Суу айылында жаңы мектептин ачылышы болду

Кыргызстан мектеп салуу жагынан быйыл рекорд койду десек болот. Республика боюнча 204 мектептин курулушу башталып, анын 100 мектеби ушул жылы бүткөрүлөт.

1-сентябрга карата өлкө боюнча 43 жаңы мектептин имараты колдонууга берилди. 

Токтогул районунун Кара-Суу айылындагы 255 окуучуга ылайыкталган №10 Казатов атындагы мектеп жаңы окуу жылында  өз эшигин ачты. 

Жаңы мектептин ачылышына райондун акими Акылбек Тюкебаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана ветеран мугалимдер, айылдын тургундары катышты. 

Жедеп эскилиги жетип, урап түшөйүн деп калган эски мектепте окуп келген окуучулар жаңы мектепке киргенине сүйүнүчтөрү койнуна батпай турганын алардын бактылуу жүздөрүнөн көрүүгө болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button