Коом
Wildberries Кыргызстандын аймагында ишин убактылуу токтотту

Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
«Компания Казакстандын айрым документтерди берүү талабынан улам Кыргызстандан товар жөнөтүүнү 2 аптага токтоткон», — деп айтылат маалыматта.
Wildberries күн сайын өлкөдөн баасы 25 миң долларга бааланган 5 тоннадан ашык товар жөнөтүп турат. Ведомство бул маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.



